Site icon Reporter.kg

Лукашенко күч түзүм жетекчилерин алмаштырды

Беларус президенти Александр Лукашенко Мамлекеттик коопсуздук комитетинин башчысы Валерий Вакульчикти Коопсуздук кеңешинин катчылык кызматына дайындады.

Мамлекеттик коопсуздук комитетинин башчылыгына Мамлекеттик көзөмөл комитетитин (Эсеп палатасы) жетекчиси Иван Тертель келди. Бул тууралуу БелТА агенттиги кабарлады.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Андрей Равковго жаңы кызмат берилген-берилбегени айтылган жок.

Беларуста августтун башында президенттик шайлоо өткөндөн бери саясий кризис уланууда. Оппозиция президенттин отставкасын жана жаңы шайлоону талап кылууда. Лукашенко бийликти бербей турганын жарыялаган.

Өлкөнүн ири шаарларында жапырт нааразылык акциялары өтүүдө. Минскиде өткөн демонстарциялардын биринде 200 миңге чейин киши чогулган.

Генерал-лейтенант Равков Коопсуздук кеңешин январь айынан бери жетектеп келген, ага чейин алты жыл коргоо министри болгон.

Exit mobile version