Site icon Reporter.kg

Лутфилла Бусурманкул уулу «Шүмшүк» аттуу ыры кантип жаралганын айтып берди

Ырчы, продюсер Лутфилла Бусурманкул уулунун «Шүмшүк» аттуу ыры социалдык тармактарда каттуу талкууга алынууда. Бул ырдын жаралуу тарыхы жана эмне себептен «Шүмшүк» деп аталып калганы тууралуу авторго байланышканыбызда төмөндөгүдөй жооп берди.

Ал бул чыгарма капысынан жаралганын айтты.

«Жол чыракта токтоп тургам. Жол чийинден өтүп бараткан кыз телефон менен сүйлөшүп бара жатып «кыйынсың ай, шүмшүксүң» дегенин угуп калдым. Бул ырдын жаралуусуна көз алдымда болгон окуя себеп болду. Ал кыздын жол чийинден тык-тык деп өтүп баратканынан

туфилиң тык-тык,

жүрөгүң дүк-дүк,

каякта жүрөсүң сен шүмшүк» деп ошол жерден эле оюма келе калды. Анан эргүү келип ырды толук кылып жаздым», — деди ырчы.

Лутфилла Бусурманкул уулу бул ыр кандайча коомчулукка тарап кеткенин  өзү да билбейт.

«Бул ырды эч бир радиолорго же атайын интернетке жүктөй элек болчумун. Ким таратып жибергенин билбейм», — дейт.

Бул чыгарма коомчулуктун сынына да кабылды. Буга ырчы мындайча жооп берди.

«Баарына жагуу мүмкүн эмес. Бирок коомчулуктун сынын туура кабыл алам. Мындай сындарга көнүп деле калдык. Айтылган сындар боюнча тааныштарым 100дөй билдирүү жөнөтүштү. «Сенин ырыңды элдер ушинтип айтып атышат» дегендей. Учурда ырдын аудио вариантын сурагандар көп болуп жатат. Демек, бул чыгарманы жактырып уккандар деле бар экен», — деп белгиледи.

«Шүмшүк» ырынын сөзү: автордуку,
Обону: өзбек элиники.

 

 

Exit mobile version