Мөөнөтү аяктаган паспорттордун жарактуулугу узартылды

Мөөнөтү аяктаган паспорттордун жарактуулугу узартылды

2020-жылдын 1-январынан 30-декабрга чейин мөөнөтү өтүп кеткен паспорттордун жана чет элдик жарандардын, жарандыгы жок жактардын каттоо мөөнөтү убактылуу узартылды. Бул тууралу республикалык шатбдан маалымдашты.

Өкмөттүн 19-майындагы токтому менен төмөнкү документтердин жарактуу мөөнөтүн убактылуу узартууга уруксат берилген.

жарактуу мөөнөтү 2020-жылдын 1-январынан 30-декабрына чейинки мезгилде өтүп кеткен, 2004-жылкы үлгүдөгү КР жаранынын паспорту (эски үлгүдөгү ID-карта) жана чет жакта жүргөн жарандар үчүн 2006-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт 2020-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу деп табылат;

Кыргызстандын аймагында каттоо мөөнөтүн узартууну каалаган чет элдик жарандар жана жарандыгы жок жактар ӨК жана/же ӨА режимдери алынган күндөн тартын 10 иш күнүнүн ичинде каттоосун узартышы зарыл;

Билим берүү жана илим министрлигине бүтүрүүчүлөрдө ID-картасы жок болгон учурда орто (толук) билим берүү тууралуу күбөлүктөрүн жана аттестаттарын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн негизинде берүүнү камсыздоо боюнча чараларды кабыл алуу тапшырылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>