Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо күнүн бекитти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, БШКнын төрайымы мамлекет башчысынын милдетин аткаруучуга шайлоону үч айдан кечиктирбей, 2021-жылдын 10-январында өткөрүүнү сунуштаган.
Белгилей кетск, Борбордук шайлоо комиссиясы 21-октябрда парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.
Көп өтпөй президенттик да, парламенттик да шайлоону токтото туруу жана Конституцияны өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарыбнан кабыл алынып, парламенттик шайлоо 2021-жылдын жаз мезгилине жылган.