“М Булак” компаниясы Өзбекстанга гумжардам жиберди

“М Булак” компаниясы Өзбекстанга гумжардам жиберди

“М Булак” компаниясы Өзбекстандын Сардоба суу сактагычынын жарылышынан улам жабыркагандарга гумжардам жиберди.

Коңшу өлкөгө колдоо көрсөтүү жөрөлгөсү Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин жардам менен ишке ашырылган.

Жүк 2-июнь күнү тапшырылып, иш-чарага Кыргызстандын Өзбекстандагы элчисинин кеңешчиси Нурлан Жумалиев, Сырдарья облусунун акиминин орун басары Данияр Мадиримов, облустун прокурору Равшан Машарипов, облустун аксакалдары катышкан.

“М Булак” компаниясы тарабынан коңшу өлкөгө 20 тонна макарон, 20 тонна күрүч, 10 тонна өсүмдүк майы, 10 тонна шекер, 5 тонна ичүүчү суу, ошондой эле 10 тонна картошка жиберилген.

Сырдарья облусунун акимчилиги  кыргыз тарапка ыраазычылык билдирдген.

Белгилей кетсек, 1-майда Өзбекстандын Сардаба суу сактагычында дамба жырылып, Сардаба, Акалтын, Мирзабад райондорунун 70 миңдей тургуну коопсуз аймактарга көчүрүлгөн.

Суу коңшу Казакстандын Түркстан облусунун бир нече айыл-кыштагын да каптап, 30 миңден ашык адам жапа чеккен.

[su_image_carousel source=»media: 30224,30225″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>