«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоору жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктары менен эркиндиктерин, аларды интернет мейкиндигинде жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоону камсыздоого багытталган.

Талкуу маалында депутаттар Дастан Бекешев, Мирлан Жеенчороев жана Эльвира Сурабалдиева аталган мыйзам долбооруна каршылыгын билдиришти. Депутат Наталья Никитенко да мындай цензура киргизүүгө болбой тургандыгын белгилесе, депутат Жанар Акаев мыйзам долбоору техникалык жааттан алганда аткарышы мүмкүн эмес экендигин билдирди.

Суроолорго жооп берген демилгечи депутаттардын бири Гүлшат Асылбаева мыйзам долбоору жарандарды Интернет мейкиндигинде жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоого багытталгандыгын айтып: «Сөз эркиндигине жана жарандын өз оюн айтуусуна эч кандай чектөө жок», — деди. 

Ал эми депутаттар Акылбек Жапаров менен Умбетаалы Кыдыралиев мыйзам долбоорун колдоп, бардык демократиялык өлкөлөр жалган маалыматтарга каршы күрөшүп жаткандыгын жүйө келтиришти. Мындай пикирди депутаттар Камчыбек Жолдошбаев, Евгения Строкова жана Абдумажит Юсуров да билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>