Site icon Reporter.kg

Маанилүү продукцияларды жылдын аягына чейин экспорттого тыюу салуу пландалууда

Бир катар маанилүү продукцияны экспорттоого тыюу салууну 2022-жылдын аягына чейин узартуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, 1-августка чейин өлкөдөн жумуртка, жүгөрү, кумшекер, май өңдүү азыктарды алып чыгууга тыюу салынган. Рыноктук кырдаалды талдоонун негизинде аны узартуу жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн.

«Кантка келсек, бизде экспортко да тыюу салынган. Килограмына баа тышкы факторлорду, ошондой эле мезгилди эске алуу менен өзгөрөт», — деди Аскарбек Жаныбеков.

Exit mobile version