Site icon Reporter.kg

Маданият министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду. Фамилиялары

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аталган ведомствонун борбордук аппаратында кадрдык өзгөрүүлөр болгонун билдирди.

Жаңыланган түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилер тизмеси:

— Искусствону өнүктүрүү жана саясатты жүргүзүү башкармалыгынын начальниги — Мамбетмусаева Салтанат Азисовна

— Билим берүү мекемелеринин ишин координациялоо бөлүмүнүн башчысы — Курамаева Айдай Кенжебековна

— Маданиятты өнүктүрүү жана саясатты жүргүзүү башкармалыгынын начальниги — Жолдошов Чынарбек Маматович

— Маданий мурастарды сактоо бөлүмүнүн башчысы — Самыйбекова Айжан Самыйбековна

— Материалдык-техникалык базаны жана инфратүзүмдү жакшыртуу секторунун башчысы — Жээналиев Азамат Кошулбекович

— Маалыматтык саясатты жүргүзүү башкармалыгынын начальниги — Сарногоева Салкын Сатаровна

— Лицензиялык контролдоо жана анык эмес (жалган) маалыматтарга даттануу бөлүмүнүн башчысы — Ибрагимов Бектур Берикович

— Эл аралык мамилелер башкармалыгынын башчысы — Жакыпбеков Нусубалы Эшмукамбетович

— Пландоо жана каржылоо башкармалыгынын начальниги — Жолдошев Нурлан Касымович

— Укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы — Кулуев Кайнарбек Кожогелдиевич

— Стратегиялык пландоо жана санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы — Асанбаева Айнура Абдыкалыевна

— Этностор аралык мамиле бөлүмүнүн башчысы — Эшимбеков Искендер Жекшенбаевич

— Жаштар саясаты башкармалыгынын башчысы — Шайкидинов Аскар Токторбекович

— Уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы — Бакеев Ринат Аскарбекович

— Басма сөз кызматы бөлүмүнүн башчысы — Мадиева Эльмира Жумагуловна

— Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы — Өмүрбек кызы Венера

— Документтик камсыздоо жана аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы — Букуева Мерида Сагыновна

— Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу — Ажибаев Фархат Бурканович.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version