Маданият саясаттын түркүгү! Садыр Жапаров маданият кызматкерлерин куттуктады

Маданият саясаттын түркүгү! Садыр Жапаров маданият кызматкерлерин куттуктады

Президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров 2-ноябрь — Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Мекенчилдикке болгон жаштардын көз карашын калыптандырууга маданият кызматкерлеринин салымы чоң экендиги өкмөт башчынын куттуктоосунда баса белгиленген.

«Маданият — турмуштун күзгүсү демекчи, көркөм өнөр жана маданият ишмерлери коомдо улуттун сыймыгы болуп келген. Алар кайсы гана доор болбосун саясий идеологиялык абалга көз каранды болбой, ачык-айкын ой-пикирлерин айтышып, таамай сүйлөп, улуттук сапатыбызды, адеп-ахлактуулукту көрсөтүп келишкен. Себеби, көркөм-өнөр жана маданият чөйрөсү ар бир өлкөнүн экономикасынын жана саясатынын түркүгү болуп саналат”, – деп жазылат анда.

Белгилей кетсек, 2-ноябрь Маданият кызматкеринин күнү деп 1995-жылы кабыл алынып, бул күн 25-жылдан бери маданият жана көркөм өнөр кызматкерлеринин  кесиптик майрамы катары белгиленип келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>