Маданият министри ооруп жаткан ырчы Малик Аликеев менен видео аркылуу сүйлөштү

Маданият министри ооруп жаткан ырчы Малик Аликеев менен видео аркылуу сүйлөштү

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов белгилүү ырчы Малик Аликеев менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүп, анын ден-соолугунан кабар алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Азамат Жаманкулов ырчынын жакында өтө турган операциясы жана чыгармачылыгы тууралуу сүйлөшүп,  жакында аны мамлекеттик сыйлыкка көрсөтө тургандыгын маалымдаган.

Министр менен ырчынын сүйлөшүүсү вотсап аркылуу жүргүзүлүп, ага министрдин орун басары Кайрат Иманалиев да катышкан.
[su_image_carousel source=»media: 30109,30107″ crop=»none» autoplay=»4″]
Белгилей кетсек, Малик Аликеев дин ден соолугу начарлап, учурда ал Таласта үйүндө экени айтылган.

Жакында эле анын төшөктө отуруп алып ырдаган ыры социалдык тармактарда тарап, ырчынын күйөрмандары тынчыздануусун билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>