Кырчын жайлоосунда боз үйлөр тигилген аймактарга газон себилет10-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуКыргызстан менен орусиялык компания өлкөдө өстүрүлгөн балыкты экспорттоону пландаштыруудаТаш-Көмүр – Кербен жолундагы сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилүүдөНоокенде селден жабыркаган турак жай ээлерине камсыздандыруу төлөмдөрү берилдиToonDook Festival: дүйнөлүк анимациянын белгилүү өкүлдөрү Бишкекке келишет
Маданият министринин орун басары алмашты
15.09.2025 | 16:58

Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары кызмат ордунан Гульбара Абдыкалыкова бошотулуп, Аскаралы Мадаминов дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Аскаралы Мадаминов министрликтин административдик иштерин координациялоо ишин жүргүзөт.
Аскаралы Мадаминов 1988-жылы туулган. Ал президентке караштуу Башкаруу академиясын аяктаган. Ал буга чейин Дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты агенттигинин улуттук спорттун түрлөрү боюнча олимпиадалык эмес дирекциясында жетекчилик кызматтарды аркалаган. 2025-жылдан тарта Улуттук маданий борбордун директору болуп иштеп келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат