Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Анын ордуна Гүлбара Абдыкалыкова дайындалды.
Жаңы орун басар буга чейин “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин директору болуп эмгектенип жаткан.