Маданият министрлиги жылаңач денесин көрсөткөн кыздардын иш чарасына үн катты

Маданият министрлиги жылаңач денесин көрсөткөн кыздардын иш чарасына үн катты

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги искусство үйүндө жылаңач денесин көрсөткөн кыздардын болуусуна каршылыгын билдирет жана заманбап искусствонун мындай провокациялык чакырыктарын колдобойт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымат тартты.

Министрликтин маалыматына караганда,  аталган иш чара  уюштуруучулардын  ойлогон оюна ылайык түзүлүп, аялдардын экономикалык жактан эркиндиги жөнүндө темага коомчулуктун көңүлүн буруу болгон.

“Бул иш-чараны өткөрүү министрлик менен макулдашылбагандыгын эске алуу менен музейдин директоруна мындай контенттеги иш-чаралар макулдашуу процессин өтүүсү зарыл экендиги тууралуу жана мындан ары максаттарды концептуалдуу түрдө ар тараптуу үйрөнүп, көргөзмө долбоорлорун ишке ашыруунун ыкмаларын жана жол-жоболорун музейдин илимий-методикалык кеңешинде макулдашуу керектиги эскертилди.

Маданият, маалымат жана туризм министри бул маселени кароо боюнча комиссия түзүүнү тапшырды. Министр ведомстволук мекемелерде, анын ичинде көргөзмө ишмердүүлүгүндө максаттарды, милдеттерди жана тартылуучу ресурстарды белгилөө менен перспективалык пландоо боюнча методикалык иштер жүргүзүлбөй жаткандыгын белгиледи”, — деп жазылат министрликтин маалыматында.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара 28-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде болуп өткөн. Учурда бул  жылаңач кыздардын иш чарасы социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан кызуу талкууга алынууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>