Site icon Reporter.kg

Маданият министрлигине жаңы орун басар келди (РЕЗЮМЕ)

Министрлер кабинетинин төрагасынын тескемесине ылайык, Союзбек Надырбеков Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды.

Буга чейин, Надырбеков Союзбек Надырбекович Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин директорунун орун басары болуп иштеп келген.

Надырбеков Союзбек Надырбекович 1990-жылы 16-сентябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында туулган.

Билими:

2008-2009 — Кыргыз-Түрк «Манас» университети — Эстрадалык вокал.

2009-2013 — Бишкек гуманитардык университети — Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер

(Корей тили).

2009-2012 — Чунг Анг университети (Түштүк Корея) — Ички жана тышкы саясат.

2015-2017 — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы — мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу («магистр» академиялык даражасы).

2017-жылдан азыркы учурга чейин — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы — Саясий институттар

(аспирантура)

Эмгек жолу:

  • 2020-2021-жылдары — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика-Ата Журт» фракциясынын катчылыгынын консультанты;
  • 2018-2019. — Координатор “King Abdul-Aziz Camel Festival – Nomad Universe” (Сауд Аравиясы);
  • 2017-2018 — III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча мамлекеттик катчылыктын адиси.
  • 2016-2017. — Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жаштар иштери боюнча кеңешчиси.
  • 2015-2017. — «Азия балдары кайрымдуулук» эл аралык кайрымдуулук фондунун аткаруучу директору.
  • 2013-2015. — Азыркы «KGM», мурдагы «Luna travel» туристтик компаниясында башкы менеджер.
  • 2013-2015. – “Лидер” жаштар клубунун төрагасы.
Exit mobile version