Site icon Reporter.kg

Маданият министрлигинин кызматкерлери аттестациядан өтө баштады

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин түзүмүндөгү билим берүү, театр-оюн-зоок мекемелеринин, клуб, музей, китепкана, маданият үйлөрүнүн кызматкерлери аттестациялоодон өтүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, аттестациялоо 2022-жылдын декабрь айынан тартып, 2023-жылдын март айынын аягына чейин болмокчу. Жалпысынан министрликке караштуу 12 064 кызматкер аттестация тапшырат.

Сүрөттө “Учур” мамлекеттик жаштар театры аттестациядан өтүп жаткан кез.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version