Бишкектеги «Мадина» базарындагы бир катар кафелерге санитардык нормаларды сактабаганы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгы билдирди.
Мекемеден билдиришкендей, санитардык эскертүүдө көрсөтүлгөн иш-чаралардын толук аткарылбаганы үчүн коомдук тамактануу жайларында 8 объекттин жооптуу кызматкерлерине административдик укук бузуу боюнча 8 протокол түзүлдү.
Ошондой эле, укук бузуу үчүн административдик жаза колдонуу боюнча 8 токтом чыгарылды.
Салынган айыптардын жалпы суммасы 114 миң сомду түздү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз