Site icon Reporter.kg

«Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимов абакта калтырылды

«Мадина» базарынын кожоюну Турсунтай Салимовдун бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 4-февралга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Белгилей кетсек, Турсунтай Салимов уюшкан топ түзүү же ага катышууга шектелип 7-октябрда кармалган.

Анын маркум кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин кудасы экендиги айтылып келет.

67 жаштагы Салимов Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты, “Мадина” базарын ал 1990-жылдардын башында түптөгөн.

УКМК Ильшат Салимовго издөө жарыялап, мүлкүн тизмектеди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version