“Мадина” кафесинин ээси делген ишкердин сөөгү табылды. Ал изделип жаткан

“Мадина” кафесинин ээси делген ишкердин сөөгү табылды. Ал изделип жаткан

4-октябрдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан ишкер Хуфур Абдурахемандын жансыз денеси Нарындын Кочкор районунан табылды. Бул тууралуу АКИpress агенттиги күч органдарындагы жеке булактарына таянып  жазып чыкты.

Алдын ала маалыматка караганда, милиция ишкерди өлтүрүүгө шектүү катары 5 адамды кармаган. Алар ишкердин сөөгү Кочкор районуна көмүлгөнүн, анын унаасы кара түскө боёлгонун айтышкан. Учурда милиция кылмыштын чоо-жайын тактап жатат.

Белгилей кетсек, 38 жаштагы Хуфур Абдурахеман 4-октябь күнү саат 18:00 чамасында  “BMW X5” унаасы менен Бишкектеги “Мадина” базарынан үйүнө кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Ишкерин  туугандарынын арзы менен бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, милиция ишкерди издөө иштерин жүргүзүп жаткан. 

АКИpress агенттиги өздүк булактарына таянып ишкер Мадина базарындагы  “Мадина” кафесинин ээси экенин жазышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>