Site icon Reporter.kg

Мадумаров алыс отурган. Улан Бакасов соңку сындарга жооп берди

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов кесиптеши Адахан Мадумаровдун сындарынан соң тармактык комитетте берген жообун кагазга бирөө жазып берген, аны окуган деген сындар коомчулукта чоң талкууга жем таштады. Мындай сындан соң Бакасов Reporter.kg′ге жооп берди.

Жок мен антип окуп сүйлөбөйм, өзүмдүн эле оюмду айттым. Биздин зал ошондой жайгашкан, Адахан Мадумаров алыс отурган. Ошол үчүн жерди карап эле сүйлөгөм, эч кандай окуган эмесмин. Орозомун, орозо айында кантип калп айтайын, өзүм деле калп айтып сүйлөбөймүн”-деди депутат.

Ал буга чейин Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Адахан Мадумаровдун сындарына карата өзүнүн жообун берген.

“Адахан Кимсанбаевич, биз сизди жашыңызды карап сыйлап жатабыз. Биз тарапка көп сын-пикир айтып жатасыз. Ар бир маселеге оюбуз, пикирибиз бар, эч кимдин ээрчимеси эмеспиз. Өткөндө бул маселеге каршы болгонбуз, долбоорду колдогонбуз. Өзүңүз угуп жатасыз, «ARIS`тен» башка эч ким кыла албайт деген үчүн колдоп жатабыз. Андан тышкары менин кесиптешиме жообун аласың деп жатасыз. Эч кандай жооп албайт. Биздин айткан сөздөргө эч кандай комментарий бербейсиз, берсеңиз өзүңүзгө тиешелүү сөздөрдү угасыз. Мындан кийин акыл айтканды токтотуңуз», — деген ал.

Exit mobile version