Site icon Reporter.kg

Мадумаров: Кемпир-Абад боюнча комитеттин чечимине кол коюлган жок

Парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жактырган комитеттин чечимине кол койгон жок. Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычы маселеси боюнча өтүп жаткан Элдик курултайда билдирди.

Ал эл алдында сүйлөп жатып, кол койбогону үчүн Чыңгыз Айдарбековду комитеттин төрагалыгынан кетирүүгө аракеттер болуп жатканын билдирди.

«Кемпир-Абад боюнча комитеттин чечими жок. Комитеттин чечими болгондо да ал мыйзамсыз. Чыңгыз Айдарбеков комитеттин чечимине кол койбой койду. Орун басары койсун деп жатат. Ал да кол койгон жок. Эми Чыңгыз Айдарбековду комитеттин төрагалыгынан кетиребиз деп эки күндөн бери интрига болуп жатат», — деди ал.

Эскерте кетсек, 10-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу маалымат берген. Анда ал документке ылайык, чек арадагы талаштуу делген жерлердин көбү (жалпы 19 миң 699 гектар) Кыргызстанга өтүп, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери берилерин билдирген.

Парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети аталган келишимдин долбоорун жактырып берген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version