Site icon Reporter.kg

Мадумаровдун максаты — элдин биримдигин бузуу, — Байсалов   

Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары Эдиль Байсалов “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын өкмөттү отставкага кетирүү боюнча демилгесин комментарийледи.

“Адахан Мадумаровдун максаты – кандай гана болбосун улуттук биримдикке доо кетирүү, кырдаалды туруксуздаштыруу, турмуштун бардык чөйрөлөрүндө пайда болуп жаткан улуттук көтөрүлүштү үзгүлтүккө учуратуу. Анын пландары ишке ашпайт! Элибиз анын жалгандыгын, деструктивдүүлүгүн терең көрүп турат. Анда  улуттук кызыкчылыктар жөнүндө реалдуу камкордук нөл”, — деп жазган Эдиль Байсалов Твиттердеги баракчасына.

Бүгүн “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы Министрлер кабинетинин отставкасы боюнча чечимди Жогорку Кеңештин төрагасына жана тиешелүү комитетке тапшырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version