Чүй облусунун Аламүдүн районунун Маевка айылынын тургундарына таза суу чыгарылды. Бул тууралуу “Ас-Салам” коомдук кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү билдирди.
Маалыматка караганда таза суу 300 метр тереңдиктен чыгарылып, ал 26 миң элди камсыз кылат.
Айылды суу менен камсыз кылуу демилгесин аталган фонддун жетекчиси Нурмухамед Миңбаев көтөрүп чыккан.