Site icon Reporter.kg

Маевкада мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма табылды — видео

Аламүдүн районунун Маевка айылындагы “Агрокурулуш” ишканасынын аймагында жайгашкан мыйзамсыз майнинг-ферма табылды. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Майнинг-ферманы кароодон өткөргөндө криптовалюта өндүрүүчү жабдуулар орнотулган контейнер табылды.  2019-жылы “Агрокурулуш” ишканасы майнингди кошкондо 283 миң кВт/саат электр энергиясын керектеген.

“Түндүкэлектр” ишканасы майнинг-фермага электр энергиясын берүүнү токтотуу жана майнинг-ферманын электр тармагына мыйзамсыз кошулуусуна жол берген Аламүдүн районунун райондук электр тармактарынын кызматкерлерине катаал тартиптик чараларды көрүүнү тапшырылды.

Азыркы учурда Улуттук энергохолдинг тарабынан майнинг-фермалардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу механизмдерин түзүү боюнча чаралар көрүлүүдө.

 

Exit mobile version