Site icon Reporter.kg

Махмудов менен Шаршенбеков өлкө чемпионатына катышабы? Машыктыруучунун жообу

Кыргызстандын грек-рим балбандары Акжол Махмудов, Амантур Исмаилов, Жоламан Шаршенбеков жана Үзүр Жусупбеков 2025-жылы январда өтө турган өлкө чемпионатына катышпайт. Бул тууралуу грек-рим курамасынын жаңы башкы машыктыруучусу Уран Калилов УТРК Спорт каналына курган маегинде билдирди.

Ал күрөш күйөрмандары аталган спортчулар (Амантур Исмаилов – 2024-жылы өлкө чемпионатына катышкан – ред.) Кыргызстандын чемпионатына катышпастан эле, Азия жана дүйнө чемпионатына жөнөтүлүп жатканына нааразы болуп жатканын биле турганын, ал пикир менен макул экенин айтты. Мындан улам ал кайсы спортчу болбосун «өлкө чемпионатына катышат» деген эреже киргизип жатканын билдирди.

Бирок аталган төрт спортчу Париждеги Олимпиадага даярданып көп күч короткондуктан, алардын калыбына келүүсү үчүн 2025-жылдагы өлкө чемпионатынан бошоткон. 2026-жылдан тарта аларда башкалардай эле Кыргызстандын чемпионатына катышууга милдеттүү болот.

Exit mobile version