Президент Садыр Жапаров Пакистандагы элчи Уланбек Тотуяевди кызматтан алды. Бул тууралуу жарлыкка кечээ кол коюлду.
Маалыматта «Тотуяев жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткара албагандыгы үчүн» иштен бошотулганы белгиленет.
Ал 2021-жылы элчи болуп дайындалган.
Айрым маалыматтарга караганда, Тотуяевдин иштен алынышына 18-май күнү Бишкектеги тополоң себеп болгон. Ал учурда элчи эмгек өргүүдө болуп, окуядан кийин Исламабадка барып, шашылыш чараларды көрүүнүн ордуна эс алуусун уланткан.