Бишкек шаарынын мэри май майрамдарына карата Панфилов паркын ачууну тапшырды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ошондой эле парктын администрациясына дагы үч ай иштөөгө уруксат берилди. Муну менен бирге аттракциондорду талапка ылайык иштетүү, көрктөндүрүү, бардык санитардык нормаларды сактоо шарттары коюлду.
Эске салсак, 31-март күнү Панфилов сейил багындагы иштеп жаткан аттракциондордун биринен 19 жаштагы туулган кыз кулап кетип, оор жаракат алып, ооруканага түшкөн. Бул окуядан улам 1-апрелден тарта парктын бардык механикалык аттракциондорунун иши убактылуу токтотулган.