Site icon Reporter.kg

Майлуу-Суу – Бүргөндү жолунда унаа жардан кулап кетип, эки адам каза болду

Жалал-Абад облусунда Майлуу-Суу – Бүргөндү жолунда унаа жардан кулап кетип, эки адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздук башкармалыгы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен 63 жаштагы айдоочу жана 58 жаштагы аял жеринен мерт кеткен. Маркумдар жубайлар болушкан. Окуя 28-октябрда болгон. Анда «Мерседес Бенц 220» үлгүсүндөгү унаа жардан сай жээгине кулап кеткен.

Exit mobile version