Site icon Reporter.kg

Майлуу-Суу лампа заводуна мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт

Президент Садыр Жапаров шаар түзүүчү ишканага мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана жарыктехникалык тармакты андан ары өнүктүрүү, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча тескемеге кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  министрлер кабинетине бир айлык мөөнөттө Кыргызстандын республикалык бюджетинен каржылануучу мамлекеттик органдарга, бюджеттик уюмдарга жана мамлекеттик мекемелерге, жергиликтүү бюджеттен каржылануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, атайын эсептери жана фонддорунун каражаттары бар уюмдарга, ошондой эле мамлекеттик каражаттардын, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен түзүлгөн башка юридикалык жактарга товарларды бир булактан методу менен «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомунан түздөн-түз сатып алууларды жүзөгө ашыруу жөнүндө талаптарды белгилөө тапшырылат.

Уставдык капиталындагы мамлекеттик үлүш 50 жана андан ашык пайызды түзгөн мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, акционердик коомдорго, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдоруна товарларды «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомунан сатып алуу сунушталат.

«Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коому өндүргөн товарлардын тизмеги:

—             25, 40, 60, 75, 95, 100, 150 Вт жалпы багыттагы чыңалуу лампалары;

—              200 Вт, 300 Вт жана 500 Вт атайын багыттагы ири габариттүү чыңалуу лампалары;

—              25, 40, 60, 75, 95, 100 Вт декоративдүү тунук колбадагы шамчырактар үчүн чыңалуу лампалары;

—              Шамчырактар, портативдик тигүү машиналары жана ПШ 15 Вт муздаткычтар үчүн чыңалуу лампалары;

—              40, 60, 95, 100 Вт жергиликтүү жарыктандыруу шамчырактары үчүн чыңалуу лампалары;

—              4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 12 Вт (LED) жалпы жарыктандыруу үчүн жарык чыгаруучу диоддору бар лампалар;

—              Чыңалуусу 12, 24 В жана кубаттуулугу 5, 10 жана 21 Вт болгон жол транспорт каражаттары үчүн чыңалуу лампалары (токтоо белгисинин чырактары);

—              Айнек жиптеринен жасалган ровинг;

—              Айнек жиптеринен жасалган фибра.

2022-жыл 9-ноябрь

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version