Майлуу-Суу шаары массалык каттоо менен күрөшөт

Майлуу-Суу шаары массалык каттоо менен күрөшөт

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында шайлоого карата массалык түрдө каттоого туруунун алдын алуу багытында иштер жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Майлуу-Суу шардык милициясы тарабынан уюштурлаган иш чарага аскер кызматкерлери, врачтар, мугалимдер, социалдык кызматкерлер катышышкан.

Жыйында жарандардын шаар аймагына массалык түрдө каттоого туруусуна көзөмөл кылуу керектиги белгиленген.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 12-апрелинде Майлуу-Суу шаардык кеңешине шайлоо өтөт.

Апрель айында өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата Ош, Токмок жана Каракол шаарларына катоого тургандар кескин көбөйгөн.

Буга байланыштуу аталган үч шаардын паспорттоштуруу жана жарандарды каттоо бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызматтарынан убактылуу четтеткен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>