Site icon Reporter.kg

Майлуу-Сууда 810 жакыр үй-бүлө азык-түлүк топтомун алды

Майлуу-Суу шаарынын 810 жакыр үй-бүлөсү азык-түлүк топтомун алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, министрликтин шаардык башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте шаардагы 810 жакыр үй-бүлөгө ун, май жана кант түрүндөгү азык-түлүк топтомдорун тапшырган.

«13-январдан тартып Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Сууктарга байланыштуу шаарды суу менен камсыздай турган трубалар тонуп калган. Натыйжада, калкка жылуулук жана таза суу берүү токтотулган. Учурда ондоо иштери болуп жатат», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version