Site icon Reporter.kg

Маймыл чечек: Европада алгачкы өлүм катталды

Испанияда 29-июль күнү маймыл чечеги илдетинен бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Испаниянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына шилтеме берүү менен Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка караганда, бул оорунун учурдагы күчөшүндөгү Европадагы алгачкы жана Африкадан тышкары экинчи учур болуп саналат.

Учурда Испания маймыл чечегинин ырасталган учурларынын саны боюнча дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи өлкө болуп турат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version