Site icon Reporter.kg

Майнинг — фермалар үчүн электр энергия кымбаттайт

Майнинг-фермалар үчүн электр энергиясына болгон баа кымбаттап, бир киловаттына 5 сомдон жогору болот. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов парламентте криптовалюта боюнча мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.

Анын айтуусунда,  биз жаңы тариф киргизип жатабыз коэффициент 1,3 деп, бул ошондо азыркы баа 2 сом 50 тыйын болсо, ага дагы 1 сом 30 тыйынды кошкондо 5 сомдон электр энергия жогору болот.

Ал арада депутат Айсулуу Мамашева  «бул баадан да жогору кылуу зарылдыгына токтолуп, кичи ГЭС ээлери майнерлер менен иштеп кетип жатышат. Ал эми жалпы элге свет тартыштыгы жаралууда. Ошол себептен майнинг — фермалар үчүн энергетикага болгон тарифти көтөрүшүбүз керек», — деди.

Электрондук валюта өндүргөн компаниялар майнинг-ферма деп аталат. Алар көптөгөн компьютерлердин жана серверлердин жардамы менен татаал техникалык тапшырмаларды чечүү аркылуу жаңы криптовалюта өндүрөт.

Exit mobile version