Бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ишкерлер, муниципалдык жана мамлекеттик ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушуп, майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруу маселесин талкуулады. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда эл өкүлү ишканалар кызматкерлердин санына жараша жумушка майыптыгы бар адамдарды алышы керектигин айткан. Анын айтымында, ишканада кызматкерлердин саны 25тен 49га чейин болсо, 1 майып, 50дөн 74кө чейин — 2 майып, 100дөн 124кө чейин болсо, 4 майыптыгы бар адам жумушка алынууга тийиш.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова Кыргызстанда жумушка орноштуруу үчүн атайын сайт бар экенин, анда иш берүүчүлөр майыптардын арасынан квалификациялуу кызматкерлерди таба аларын билдирген.
Ал эми майыптыгы бар адамдарды ишке орноштурууда тажрыйбага ээ ишканалар өз тажрыйбасы жана сунуштары менен бөлүшүшкөн.