Максим Бакиевдин Скрябин көчөсү, 45 жана 45/а даректеринде жайгашкан мурдагы жерлери президенттик администрациянын менчигине өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналына жазды.
Эл өкүлүнө «Бишкекглаварархитектурадан» маалымдалгандай, аянты дээрлик 1,3 гектар болгон жерге көп кабаттуу (15 кабатка чейин) үйлөрдү жана бала бакча куруу пландалууда.
Чечим департаменттин шаар куруу кеңеши тарабынан жактырылды. Бирок президенттин администрациясы курулушка уруксат ала элек.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз