Site icon Reporter.kg

Максим Лисицын футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти

Максим Лисицын Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Максим Лисицын аталган кызматтан Кыргыз футбол биримдиги менен келишими бүткөнүнө байланыштуу кетип жатат.

«Келишим 2025-жылдын июнь айынын аягына чейин түзүлгөн. Башкы машыктыруучу менен кошо анын машыктыруучулук штабы дагы толугу менен кетет»,- деп айтылат маалыматта.

Мындан улам бүгүн, 27-июнда КФБнын биринчи вице-президенти Нурдин Букуев Максим Лисицын жана ал жетектеген машыктыруучулар штабы менен жолугуп, КФБ президенти Камчыбек Ташиевдин жана футбол коомчулугунун атынан адистин натыйжалуу ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирген.

«Максим Лисицын бул кызматта бир жыл бою иштеп, курама үчүн тарыхый болуп эсептелинген 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү раундунда жетектеди. Орусиялык адис бул раунддагы күчтүү командалар менен татыктуу оюн көрсөтүп, футболчулар үчүн оюн тажрыйбасын топтоого шарттарды түзө алды»,- деп билдирди Кыргыз футбол биримдиги.

Exit mobile version