Мактагандар сүйлөдү сындагандарга да сөз бергиле да, — өкмөт башчыны тандоодо депутаттар чатакташты

Мактагандар сүйлөдү сындагандарга да сөз бергиле да, — өкмөт башчыны тандоодо депутаттар чатакташты

Бүгүн, 17-июндагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кубатбек Бороновдун премьер-министр кызматына талапкерлиги каралууда.

Боронов өкмөттүн программасы боюнча баяндама жасап, мурдагы өкмөттүн иши улантыларын айтты.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Камчыбек Жолдошбаев сөз сүйлөп, өкмөттү түштөн кийин бошотууну сунуш кылды.

“Чынын айтканда 17 киши сүйлөдү баары премьер-министрди мактап жатат, сөз кайталана баштады. Түшкө чейин сүйлөп бүтүп, иштегенге жөнөтөлү. Мына коронавирус күчөп жатат барып иштешсин. Мага депутаттар келип суранды”, — деди Жолдошбаев.

Рыскелди Момбеков андан кимдер суранганын сурап, аты жөнүн атоону талап кылды.

“Кесиптештер ушундайды токтотпойлубу, Камчыбек байке сизден ким суранды.  Кышында Жогорку Кеңешти уят кылдыңыз “балдарым үшүп» жатат деп, эми эмне балдарыңыз ысып жатабы? Мактагандар сүйлөсө сындагандарга да сөз бергиле да. Абылгазиевди кошомат кылып жүрүп кетирдиңер го.  Кошомат кылганды токтотуңуз карыганда”, — деди Момбеков.

Эки депутаттын айтышуусуна төрага арачы түшүп, сунушту добушка койду. Жыйынтыгында депутаттардын көпчүлүгү сунушту колдоп беришти.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>