Site icon Reporter.kg

Мал уурдаган экөө кармалды

Чүй облсунун Шопоков шаарынын тургуну Д.С.нын сарайынан белгисиз адамдар бир баш малын уурдап кеткен. Бул туурасында Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында жогорудагы мал уурулукка шектелишип, 21 жаштагы Д.В. жана 20 жаштагы М.А. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.

Тергөө иштери жүрүүдө.

Exit mobile version