Малаховдун кыргыз элин кемсинткен сөзү үчүн орус элчилигинин өкүлү ТИМге чакырылды

Малаховдун кыргыз элин кемсинткен сөзү үчүн орус элчилигинин өкүлү ТИМге чакырылды

Орусиялык теле алып баруучу Андрей Малаховдун түз эфир учурунда кыргызстандык таксистти адам өлтүрүүгө айыптап, жалпы кыргыз элине акаарат келтирген сөзү үчүн  Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Тышкы иштер минстрлигине  чакырылды.

ТИМдин өкүлү Орусиянын мамлекеттик телеканалындагы журналисттин мындай сөздөрүнө кыргыз-орус мамилелерин эске алуу менен тынчсыздануусун билдирген.

Эске салсак, 24-сентябрда теле алып баруучуАндрей Малахов “Россия 1” телеканалынын түз эфириндеги  орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун уулу Александрдын өлүмүнө байланыштуу көрсөтүүдө Исламбек Акбаровду  адам өлтүрүүгө айыптап, анын туугандарын улутчулдук маанайдагы сөздөр менен кемсинткен.

Көп өтпөй социалдык тармактын колдонуучулары “Россия 1” телеканалынан жана Малаховдон кыргыздарды мазактаганы үчүн кечирим суроону талап кылып#maLOHov деген хештег менен флешмоб башташкан.

Андан соң Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева жана бир нече шоу-бизнес өкүлдөрү Малаховдун айткандарына үн катышкан. Ал эми саясатчы Камчыбек Ташиев «орус журналистинин кыргыз элин кемсинткен сөздөрүнө үн катпайт» деп Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун ишин сынга алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>