Site icon Reporter.kg

Малиев, Сариев бир мандаттуу округдан шайлоого катышат

Өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерден алгачкы эки жарандан БШК арыз түшкөн. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы билдирди.

“Аалам”  саясий партиясынын лидери Арсланбек Малиевден Жети-Өгүз №34 шайлоо округу боюнча, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы  Акылбек Сариевден №33 Нарын шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү  боюнча арыз жазышкан.

Бир мандаттуу округдан катышып жаткан талапкерлерди каттоо 13-октябрда соңуна чыгат. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда болот.

Exit mobile version