Өзбекстанда мальталык компания 3000 гектар жерге кара куурай өстүрөт

Өзбекстанда мальталык компания 3000 гектар жерге кара куурай өстүрөт

Өзбекстан медициналык максатта кара куурай өстүрүп, колдонуу үчүн мальталык компания менен келишим түздү.

Мальтанын «Мелабис» компаниясы менен түзүлгөн келишимге ылайык, кара куурай Сырдарыя облусунун Сардаба районундагы 3000 гектар жерде өстүрүлөт. Бул тууралуу 26-ноябрда Өзбекстандын маалымат каражаттары өкмөткө таянып жазышты.

«УзА» маалымат агенттиги кабарлагандай, өндүрүм негизинен чет өлкөлөргө экспортко кетет. Ошондой эле бул долбоорду ишке ашыруу максатында алгач 33 миллион доллар көлөмүндөгү инвестиция салынат.

Сырдарыя облусунда жогорку технологиялык завод жана өндүрүм иштеп чыгарыш үчүн тиешелүү лабораториялар курулат. Бул үчүн 100дөй жаңы жумушчу орун пайда болот деп болжолдонууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>