Site icon Reporter.kg

Маматалиев Казакстанга суу берүүнү токтотууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Парламенттин жыйынында Казакстанга суу берүүнү токтотууну сунуштады. Буга кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу унаалардын узун кезеги болуп жатканыны жүйө келтирди.

“Казастан азыр ЕАЭБдин алкагында таптакыр текшербеш керек. Эмнеге текшерип башташты, кайсы премьер-министр экенин билбейм, бирок ошонун учурунда бул нерсе ЕАЭБдин алкагында каралбай турган, эки тараптуу маселе деп чыгарып койгон. Алардын саясаты башка, алар Кытайдан келген жүк ташуу агымы Казакстан аркылуу өтсүн деп жатат, алардын ниети ошондой. Анда бир кесиптешибиз айткандай сууну бербегиле, жапкыла. Катуу айтып койдум бирок айла жок”, — деди Маматалиев.

Буга чейин дагы бир канча жолу коңшу өлкөгө суу бербей, токтотуп салуу сунуштары айтылып келген.

 

Exit mobile version