Site icon Reporter.kg

Мамбет Мамакеев, Дөөлөт Сыдыков жана бир катар ырчылар мамлекеттик сыйлык алышты

Садыр Жапаров бүгүн, 2-апрелде, ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн өлкө жарандарына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча салтанаттуу аземге катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик сыйлыктар 125 адамга тапшырылган. Алардын арасында академиктер Дүйшө Кудаяров, Мамбет Мамакеев, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев, жазуучулар Самсак Станалиев менен Советбек Байгазиев, Манасчы Дөөлөт Сыдыков, ырчылар Токтобүбү Черикчиева, Кубаныч Сатаев, Лира Раимбекова  жана ошондой эле врачтар, мугалимдер, спорт машыктыруучулары, журналисттер, маданият ишмерлери, ишкерлер жана башкалар бар.

Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу Жарлыктарга 2020-жылдын август айында кол коюлган.

Exit mobile version