Мамкаттоо: Кыргызстандын калк көп жайгашкан аймактарында жарандарды жеринде каттоо кескин өстү

Мамкаттоо: Кыргызстандын калк көп жайгашкан аймактарында жарандарды жеринде каттоо кескин өстү

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңеште Борбордук шайлоо комиссиясы жарандардын убактылуу каттоого туруп жатканы боюнча маалымат берди.

Бул маеселе боюнча БШКнын төрайымы  Нуржан Шайлдабекова кечээ, 12-февралда Мамлекеттик катоо кызматы менен бирге жумушчу чогулуш өткөргөнүн билдирди.

«Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгүнүн алдында жер-жерлерде жарандарды жапырт катоолор жүрүп жатканы жөнүндө маселе талкууланып, жыйынтыгында ал багытта тийиштүү чараларды көрүү чечими кабыл алынды», — деди төрайым.

Мамкатоо кызматынын маалыматына караганда, калк жыш жайгашкан көп жерлерде, айрыкча Ош, Токмок, Балыкчы, Токмок, Каракол шаарларында жарандарды жеринде каттоонун кескин өсүү белгилери байкалган.

Нуржан Шайлдабекова: «Биз жаңыдан туруктуу каттоого турган жарандарды категорияларга бөлүү менен талдап чыгып, ошого жараша тийиштүү чараларды көрүү чечимине келдик. Ошондо шайлоочулардын тизмесине киргизилген адамдардын саны так аныкталат».

Ал президенттик шайлоодон кийинки эки жыл аралыгында шайлоочулардын тизмеси 300 миң адамга өскөнүн белгиледи.

«Быйыл өлкөнүн жалпы калкын каттоо өнөктүгү өтөт. Анан парламенттик шайлоо дагы өтүүгө тийиш. Ошондуктан, шайлоочулардын так тизмесин түзүү зарыл. Биз бир батирде же үйдө канча адамга чейин каттоого турса болот деген суроого жооп издедик. Көрсөт, мыйзамдарда андай чектөө жок экен», — деп кошумчалады Нуржан Шайлдабекова.

Депутат Мирлан Бакиров биометрикалык паспорт алган адамдар жашаган жеринде катталбаса, шайлоочулардын тиземсине киргизилбей турганын эске салды.

«Биометрикалык паспорту бар жарандар өздөрүнүн аты-жөнүн шайлоочулардын тизмесинен таппай калып, ар кандай талаш-тартыштардын жаралышы мүмкүн. Ошондуктан, азыртан калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек», — деди ал.

Белгилей кетсек, парламент жыйында депутаттар Кенжебек Бокоев менен Жанар Акаев жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгүнүн алдында жер-жерлерде жарандар жапырт катоого тургузулуп жатканы жөнүндө маселе көтөрүп, тийиштүү мамлекеттик органдардын маалыматын угуу сунушун киргизген. Депутаттардын пикиринде, мындай жосундарга каршы кескин чараларды көрүп, шайлоочулардын өз өкүлдөрүн эркин тандап алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>