Мамкаттоо Саймаитини өлтүргөн шектүүлөр тууралуу маалымат бербейт

Мамкаттоо Саймаитини өлтүргөн шектүүлөр тууралуу маалымат бербейт

Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстандын жараны делип Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү катары кармалгандардын жарандыгы боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда жарандардын жеке маалыматы тууралуу маалымат берүү мыйзамга каршы келет.

“Кайсы бир жаран тууралуу жеке маалыматтар укук коргоо органдарынын суранычынын негизинде гана берилет”, — деп билдирди мекемеден.

Азаттыктын иликтөөсүндө аты аталган Айеркен Саймаитини 10-ноябрь күнү Стамбулдун Фатих районунда жайгашкан мейманканадан атып кетишкен. Ал оор абалда ооруканага жеткирилип, алган жаракатынан улам көз жумган.

12-октябрда ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалды. Алардын экөө кыргызстандыктар болгон.

Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жерден консулдукка тиешелүү Range Rover үлгүсүндөгү автоунаа табылган. Аталган унаа  Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковко таандык болгон.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун жарлыкка ылайык 12-ноябрда Эркин Сопоков кызматтан алынды.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>