Мамкурулуш башкармалыгынын башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

Мамкурулуш башкармалыгынын башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМК Мамлекеттик курулуш комитетинин Турак жай жана жарандык курулуш департаментинин директору Адилет Абдыкадыровду 1,4 миллион сом пара менен кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.

УКМКдан билдиришкендей, башкармалыктын кызматкерлери курулуш компанияларынан пара алышкан. Республикалык бюджеттин эсебинен социалдык объектилерди оңдоо жана куруу боюнча буйрутмалар үчүн иштеп чыгуучулар акча «төлөштү».

Мындан тышкары, Мамлекеттик курулуш комитетинин Турак жай жана жарандык курулуш департаменттин алдындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча координациялык топтун директору Э.Р.K. да кармалган.

Учурда керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>