Site icon Reporter.kg

Мамкызматкерлерди 30%га кыскартуу күтүлүүдө

Министрлер кабинети жөнүндө мыйзам долбоорунун күчүнө кириши менен мамлекеттик кызматкерлер арасында 30 пайызга кыскартуу күтүлүүдө. Бул тууралуу экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров парламент жыйынында билдирди.

Ал бардык бошотулган чиновниктерге эмгек кодекси боюнча компенсация төлөп берүүнү убада кылды.

«Аппараттын деңгээлине көтөрүлгөндөр жумушсуз калбайт деп ойлойм. Бирок кимдир бирөө аны таба албаса, анда эмне кылса болот. Алар жумушсуздук боюнча жөлөк пул алышат», — деди ал.

Exit mobile version