Site icon Reporter.kg

Мамкызматкерлердин айлыгы көтөрүлдү: Президенттин жарлыгы менен кимге канча кошулат?

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» Жарлыкка кол койду, деп билдирет өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, бул чечимдин негизги максаты — өлкөнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн материалдык жактан кызыктыруу жана шарттарды түзүү, ошондой эле жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу жана мамлекеттик башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу.

Мамлекет башчысы калктын түрдүү катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча ырааттуу саясатты жүргүзүүдө.

Белгиленгендей, ал Президенттик кызматка киришкенден бери социалдык жөлөкпулдардын көлөмү көбөйдү. Өткөн жылы аскер кызматкерлерине, сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине дагы эмгек акы төлөөнүн жаңы деңгээли белгиленген.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын категориялар боюнча жогорулатуу төмөнкүдөй:

Министрликтер

Мисалы, министрликтин бөлүм башчысынын эмгек акысын төлөөнүн азыркы шарттарында социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акы орточо эсеп менен 34 миң 445 сомду, андан кийин 2022-жылдын 1-августунан тартып белгиленген ченемдерге ылайык Кыргызстандын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык, эмгек акы 67 749 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орточо 196,7% болот.

Мисалы, министрликтин жетектөөчү адисине эмгек акы төлөөнүн учурдагы шарттарында эмгек акысы 21 098 сомду түзсө, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргызстандын  мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген нормаларына ылайык 49012 сом эмгек акы төлөнөт. Эмгек акынын өсүшү орточо 232,3% түзөт.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (ЖМА)

Мисалы, учурдагы эмгек акы төлөө шарттарына ылайык, ЖМАнын бөлүм башчысынын эмгек акысы 22170 сомду түзөт, андан кийин 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген ченемдерине ылайык эмгек акы 41319 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орточо 186,4% болот.

Маселен, эмгек акы төлөөнүн учурдагы шарттарында ЖМАнын жетектөөчү адисинин эмгек акысы 18 213,4 сом болсо, андан кийин 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген ченемдерине ылайык эмгек акыга 35940 сом төлөнөт. Эмгек акынын өсүшү орточо 197,3% түзөт.

Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү (ТБ)

Мисалы, аймактык бөлүмдүн начальнигинин эмгек акысы төлөөнүн учурдагы шарттарында 17 637,5 сом болсо. Андан кийин 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген нормаларына ылайык 38830 сомду түзгөн эмгек акы төлөнөт. Эмгек акынын өсүшү орточо 220,2% түзөт.

Мисалы, учурдагы эмгек акы төлөө шарттарында Аймактык бөлүмдүн жетектөөчү адисинин эмгек акысы 14442,4 сомду түзөт, андан кийин 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген ченемдерине ылайык 32110 сом эмгек акы төлөнөт. Эмгек акынын өсүшү орточо 222,3% түзөт.

Райондук маанидеги шаарлардын мэриялары

Мисалы, мэриянын бөлүм башчысынын эмгек акысын төлөөнүн учурдагы шарттарында 16881,3 сомду түзсө, анда 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген нормаларына ылайык, эмгек акы 39785 сом болот. Эмгек акынын өсүшү орточо 235,7% түзөт.

Мисалы, учурдагы эмгек акы төлөө шарттарында мэриянын жетектөөчү адисинин эмгек акысы 13813,2 сомду түзсө, анда 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген ченемдерине ылайык эмгек акы 34708 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орточо 251,3% түзөт.

Айыл өкмөтү

Мисалы, эмгек акы төлөөнүн учурдагы шарттарында айыл өкмөтүнүн башчысынын эмгек акысы 16125 сомду түзсө, андан кийин 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген ченемдерине ылайык эмгек акы 33851 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орточо 209,9% түзөт.

Мисалы, айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адисине эмгек акы төлөөнүн азыркы шарттарында 13184 сомду түзсө, анда 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген ченемдерине ылайык эмгек акы 27706 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орточо 210,1% түзөт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version