Site icon Reporter.kg

Мамкызматтагы дарыгерлердин орточо маянасы 23 миң сомду түзөт

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында медицина кызматкерлеринин айлык акысы боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, административдик бөлүмдүн кызматкерлеринин орточо айлык маянасы 2020-жылы 9,6 миң сом, 2021-жылы 14,4 миң сом, 2022-жылы 14,6 миң сом жана 2023-жылы 20,2 миң сомду түздү.

Быйыл дарыгерлердин орточо айлык акысы – 23,5 миң сом, орто звенодогу дарыгерлердики — 19,1 миң сом жана төмөнкү звенодогу дарыгерлер — 13,6 миң сом алышат.

Exit mobile version