Site icon Reporter.kg

Мамлекеттик алкоголдук агенттиктин директору менен «Нур&Ай Компани» ишканасынын ээси кармалды

Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин директору жана «Нур&Ай Компани» ишканасынын ээси кармалды.  Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, «Нур&Ай Компани» ишканасы 2023-жылы этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдаланган атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмесине киргизилгендиги, ага ылайык аталган компания этил спиртин акциз салыгын төлөбөстөн квота боюнча «Кара-Балта спирт заводунан» сатып ала тургандыгы аныкталган.

Аталган ишкананын жетекчиси Т.Р.Ж. мамлекеттик алкоголдук агенттиктин директору Т.А.А.нын колдоосу менен, белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн, сатып алган спирт ичимдиктерин өз багыты боюнча эмес, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жеке жактарына саткан.

Бул мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

24-апрелде Мамлекеттик алкоголдук агенттиктин директору Т.А.А. жана «Нур&Ай Компани» ишканасынын ээси Т.Р.Ж. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Exit mobile version