Site icon Reporter.kg

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы коррупцияга шектелип кармалды

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК мамлекеттик бийлик органдарында, анын ичинде фискалдык жана контролдук-текшерүү органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жигердүү иштерди улантууда.

Анын жүрүшүндө бажы кызматынын жетекчилери жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилиги катышкан ири коррупциялык иштер боюнча маалыматтар алынган.

Ага ылайык, Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттарды түзгөнү, бажылык тариздөө мыйзамын одоно бузуу менен жүргүзгөнү жана параларды системалуу түрдө алып туруу үчүн бажы башкаруусунан товарларды жашыруунун схемаларын колдонгону аныкталган.

Мындан тышкары Бажы кызматынын жетекчилиги мамлекеттин кызыкчылыгына жашынып жеке баюу максатында, тышкы экономикалык ишмердиктин субъекттери үчүн туунду компаниялар көрсөткөн бажы кызматтарынын баасын негизсиз ашыра баалап турганы аныкталды.

Аталган фактылар боюнча үстүбүздөгү жылдын 17-январында Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында бул кылмышка шектүү делип Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков кармалды. Ал УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК бул кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшү жана жыйынтыгы тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берип турат.

Exit mobile version